Кыргыз экономикасы финансылык кризис сөзсүз боло турган чекке жакындады - эксперт

24.05.2021, 16:00 Акчабар
Кыргыз экономикасы финансылык кризис сөзсүз боло турган чекке жакындады - эксперт

Ушул жылдын январь-март айларында ички дүң продукт алдын ала эсептөөлөр боюнча 118 миллиард сомдон ашык сумманы түздү жана 2020-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 9,4% га төмөндөдү. Мындан тышкары, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 17,9% га төмөндөгөн. Ушуга байланыштуу эксперт Азамат Токбаев экономиканын пандемияга чейинки деңгээлине кайтуу үчүн талкууга сунуш даярдады, деп билдирди Банктар Бирлиги.

Эксперттин айтымында, бүгүнкү күндө кырдаалдан тез арада чыгууну камсыз кылган стандарттуу эмес чечимдер талап кылынат. Ошондо гана фундаменталдык өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн үч же беш жылга багытталган долбоорлорду жана чечимдерди иштеп чыгууга жана иш жүзүндө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк болот.

"Кыргызстандын экономикасы каржы кризиси боло турган чекке жакындады. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө ага жол бербөө үчүн зарыл потенциал жетишпейт. Албетте, шашылыш иш-чараларды ишке ашыруу мезгилинде узак мөөнөттүү келишимдердин негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун өсүш тенденциясына жетишүү жана ошол эле учурда кошумча нарктын үлүшү көбүрөөк жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек", - деди ал.

Азамат Токбаев экономиканы калыбына келтирүү үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо керек деп эсептейт:

  • чыгымдарды олуттуу кыскартпастан жана бюджеттин тартыштыгын жогорулатпастан, жеке бизнес үчүн салык ставкаларын төмөндөтүү;
  • банк тутумундагы кайтарымсыз насыялар көйгөйүн чечүү;
  • чет өлкөлүк түз инвестицияларга тоскоолдуктарды жоюу.

Эксперт белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги натыйжасы экономикада жеке бизнес үчүн мүмкүн болушунча төмөн салык жүктөмүн камсыз кылган ишкер чөйрөнү түзүүдө болушу керек жана бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өзгөчө маанилүү.

 

Тэги: Экономика КР кризис Азамат Токбаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу