Быйылкы жылдын январында Кыргызстандын экономикасы 7,4% өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) аналитиктери жазды.
Күчтүү ички суроо-талап экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп калууда. Инвестициялар 27,7%га, дүң жана чекене сооданын көлөмү 22,8%га, мейманкана жана ресторандык тейлөө 15,2%га өскөн.
Негизги металлдарды (+35,3%) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен экономика кошумча "дем" алды.
"Биз ички суроо-талап акча-кредит саясатынын чектелүү шарттарынын жана болжолдонгон мамлекеттик бюджеттин профицитинин фонунда алсырайт деп ишенебиз. Биздин эсептөөлөр боюнча, ИДП 2024-жылы 4,5% өсөт", - деп жазды ЕӨБ эксперттери.