Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-директору жыштыктар боюнча күнөөлүү деп табылды

19.04.2021, 17:03 Акчабар
Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-директору жыштыктар боюнча күнөөлүү деп табылды

Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-директору Наталья Черногубованы "Ала-ТВ" компаниясынын жыштык ресурсун пайдалануу укугуна лицензияны кайра берүү жана трансформациялоо, аларды кийинчерээк Beeline уюлдук операторуна сатуу иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Сот отуруму 31-мартта өткөн. Анын жүрүшүндө мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-директору тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

"Наталья Черногубова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинде жана 319-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды жана ушул эле Кодекстин 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ага 260 миң сом мамлекеттин бюджетине түшө турган айып пул салынды. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин Черногубовага карата үй камагы түрүндөгү чечим жокко чыгарылууга тийиш", - деп айтылат соттун чечиминде. 

Сотто иштин материалдары тергелбегендигинин негизинде өкүмгө даттанууга болбой тургандыгы такталды.

Эске салсак, Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова, анын орун басары, УКМКнын эки кызматкери жана "Ала-ТВ" компаниясынын директорунун орун басары 2020-жылы "Ала-ТВ" компаниясынын жыштыктарын Beeline уюлдук операторуна сатууга байланыштуу коррупция менен кармалган.

Тэги: ГАС экс-директор Наталья Черногубова Первомайский суд дело о частотах

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу