Кыргызстандан балдын экспорту 33.5% кыскарды

23.01.2023, 13:03 Акчабар
Кыргызстандан балдын экспорту 33.5% кыскарды

Былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандан экспорттолгон балдын физикалык көлөмү 33,5%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Эгерде 2021-жылдын 11 айында республика чет өлкөлөргө 335,5 тонна табигый бал сатса, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде сатуунун көлөмү 223,1 тоннага кыскарган.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында сатылган балдын өздүк наркы 81 миллион 869,3 миң сомду (964,4 миң доллар) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,1%га (доллар менен алганда 32,3%) азайды.

Тэги: новости Кыргызстана экономика новости экономики экспорт мед

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу