Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлери 11-февралдан 17-февралга чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 13 миң 718 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул өткөн жумага салыштырмалуу Кыргызстандан 1 миң 196 тоннага көп экспорттолгон.
“Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты”,- деп айтылат билдирүүдө.