«Элдердин достугу» эстелигин оңдоого 32 млн сом жумшалат

08.05.2024, 10:27 Акчабар
«Элдердин достугу» эстелигин оңдоого 32 млн сом жумшалат

Панфилов паркындагы “Элдердин достугу” эстелигин оңдоого 32 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендерди Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Техникалык тапшырмада, дубалдардын жана жабуулардын каптоолорун демонтаждоо, андан кийин аларды кайрадан мрамор же травертин менен жабуу ж.б айтылган. 

Белгилеп кетсек, арыздар 21-майга чейин кабыл алынат. Ал эми тендерди уткан тарап оңдоо иштерин ушул жылдын 20-августуна чейин бүтүрүшү керек. 

 

 

Тэги: элдердин достугу эстелик ондоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу