Энергетика тармагын модернизациялоого 50 млн доллар жумшалат

13.03.2023, 17:30 Акчабар
Энергетика тармагын модернизациялоого 50 млн доллар жумшалат

Бүгүн ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоорго 2022-жылы 5-октябрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосунда кол коюлган. 

“Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы "Электр энергия секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында тармактарды калыбына келтирүү жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика тармагынын финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга 50 млн АКШ доллар суммасында каржылайт”, - деди Энергетика министри Таалайбек Ибраев 

Таалайбек Ибраев каржылоонун алдын ала шарттары тууралуу маалымат берди.  

“Кредит берүү мөөнөтү 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен жылдык 0,75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы жылдык 0,5%”, - деди ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу