Электр энергияны 75 миңден ашык үй-бүлө арзан тариф менен колдонот

20.03.2024, 16:00 Акчабар
Электр энергияны 75 миңден ашык үй-бүлө арзан тариф менен колдонот

Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

1-мартка карата 75 миң 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт.

Калган үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти батирде жашагандыгына, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугуна, дача аймактарында жашагандыгына (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашагандыгына байланыштуу (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар) ала албай келишет.

Тэги: Электр энергия жеңилдетилген тариф

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу