Электр кыймылдаткычы бар транспорт бир катар салыктардан бошотулду

12.10.2020, 15:15 Акчабар
Электр кыймылдаткычы бар транспорт бир катар салыктардан бошотулду

2020-жылдын 12-августундагы Мыйзамына ылайык электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттары бир катар салыктардан бошотулду.

Тактап айтканда, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт 4-топтогу мүлк салыгынан бошотулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы ишканаларда өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарынын беримдери, ошондой эле электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын импорттоо жана аларды электр менен заряддоо үчүн жабдуулар салк төлөөдөн бошотулду.

Ушул эле мыйзам менен мунай заттары боюнча акциздик товарлардын тобу кеңейтилди жана алар боюнча базалык ставкалар өзгөртүлдү. Акциздик товарлар боюнча өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Тэги: мыйзам электр кыймылдаткыч

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу