Бүгүн, 28-апрелде “Электр станциялары” ишканасынын акционерлери жалпы жылдык жыйын өткөрүштү.
Жыйында бир катар маселелер, анын ичинде компаниянын 2022-жылы алган кирешеси жана чыгымы каралды.
"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча "Электр станциялары" ААК 10,3 миллиард сом зыян тартты", — деп айтылат Кыргыз фондулук биржасынын расмий Telegram-каналында.