1-июлдан тарта электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралар кабыл алынат

25.06.2019, 15:51 Акчабар
1-июлдан тарта электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралар кабыл алынат

1-июлдан тартып Салык кызматы электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.
 

Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр ыктыярдуу негизде пилоттук долбоорго катышууга укуктуу. КНСтин төлөөчүсү катышуу тууралуу чечим кабыл алган учурда, Электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталат.
 

Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө үчүн салык төлөөчүдө электрондук колтамга болушу зарыл.
Пилоттук долбоордун катышуучусу катары каттоодон өткөн учурдан тартып КНС төлөөчүдө КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин алуу зарылдыгы жоголот. Буга байланыштуу пилоттук долбоорго катышуу салык төлөөчүлөргө маалыматтык системанын иши менен алдын ала таанышып, зарыл болсо аны жакшыртуу жана толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу