Электрондук билеттерди кантип алса болот? Баасы канча?

19.09.2019, 13:20 Акчабар
Электрондук билеттерди кантип алса болот? Баасы канча?

Окуучулар үчүн  электрондук карточканын бир айлык акысы 175 сом, шаар тургундар учүн – 495 сом турат. Ал эми электрондук картанын өздүк баасы – 50 сом. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт. 

Андан сырткары  муниципалитет билдиргендей, акысыз, жеңилдетилген (окуучулар үчүн), стандарт карталар бар. Акысыз карталарды пенсионерлер, майып адамдар, почточу жа шаардын 83 миң тургуну ала алышат. 

Ар бир окуучуга өздүк аты-жөнү жазылган карточкаларды алуу үчүн, билим берүү тармагы мектеп мугалимдери менен биргеликте иш алып барышууда.  

Окуучулар тууралуу маалымат купуя сакталат. Баардык 167 миң окуучуга тең аты-жөнү жазылган карта берилет. 

Картаны бир жолу сатып алып, окуу жылы бүткүчөктү колдоно берсе болот жана саны дагы чектелген эмес. 

Тарифке ылайык бир карточканын баасы: http://www.meria.kg/ru/tariffs/1

Жоготуп же кокустук кылып алган учурда картаны кара тизмектеп койсо болот жана мурунку төлөнгөн баасына эле кайра жандандырып алууга мүмкүн. Ай сайын акысын Pay24 терминалы аркылуу төлөм жүргүзсө болот. 
 
Карта алуу үчүн төмөнкү документтер керек: 

1. Ак фондо, 3*4 өлчөмүндөгү сүрөт; 

2. Сүрөттү, туулган жылы, айы жана окуган мектебинин номери менен бирге бир файлга сактап берүү; 

3. Файлды мектептин админстраторуна тапшыруу; 

4. Жеке маалыматтарды берүү боюнча келишимге кол коюу: 

 Тактоо ирээтинде: Картаны ар бир окуучу алуу шарт эмес! Ал окуучунун жана анын ата-энесинин тандоосунда!

Тэги: электронные деньги проездные цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу