«Электрондук нотариат»​ жасалма документтерди аныктайт

09.12.2019, 16:45 Акчабар
«Электрондук нотариат»​ жасалма документтерди аныктайт

КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Юстиция министрлигинин Бишкек шаарынын аймагында пилоттук режимде иштеп жаткан «Электрондук нотариат»​ маалыматтык тутумунун иши менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет. 

 Юстиция министри Марат Жаманкуловдун айтымында, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасынын жардамы аркылуу нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттери электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин  жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот. 

«Бул «Электрондук нотариат» маалымат системасы аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө  байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги мыйзамсыз аракеттердин алдын алат жана нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү  жогорулатат. "Электрондук нотариаттын" киргизилиши нотариустарга«Түндүк»мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу саналуу секунддардын ичинде кардарлар жөнүндө маалымат алууга жана анын документтеринин тактыгын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. «Электрондук нотариат» маалымат системасы  баарынан биринчи адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган», – деди Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, «Электрондук нотариат» маалымат тутумуна Бишкек шаарындагы 12 мамлекеттик жана 2 жеке менчик нотариус кошулган. Бул система учурда пилоттук режимде иштеп жатат.  

Тэги: электронный нотариат пилотный проект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу