Жол эрежесин бузган айдоочуларга 170,7 млн сом айып пул салынды

09.05.2024, 09:30 Акчабар
Жол эрежесин бузган айдоочуларга 170,7 млн сом айып пул салынды

Жыл башынан бери жол эрежесин бузган айдоочуларга 170 млн 75 миң 395 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Белгиленгендей, аталган мезгил аралыгында Кыргызстандын аймагында 372 миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 4 миң 836 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 143 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5 миң 807 айдоочу;
  • жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 21 миң 330 факты;
  • терезелерин караңгылаткан 1 миң 44 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген 189 миң 323 айдоочу;
  • башка жол эрежелерин бузган 54 миң 936 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31 миң 690 унаа айып короо жайына токтотулган.

Тэги: жол эрежесин бузуу Айып пул Айдоочу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу