Эми жарандар мүлк салыгы тууралуу маалыматтык эсебин өзүнчө тапшырбайт

04.03.2020, 14:30 Акчабар
Эми жарандар мүлк салыгы тууралуу маалыматтык эсебин өзүнчө тапшырбайт

Кыргызстандагы салык төлөөчүлөргө 2019-жылдын 1-январынан тарта салык органдарына мүлккө салынуучу салык боюнча эсебин берүүсү абзел эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик слык кызматынан эскертишти.

Муну менен, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-февралынан тарта кирген мыйзамына ылайык, Салык кодексинен салык төлөөчүлөрдү мүлкүнө караштуу маалыматтык эсептерин толтурууга милдеттендирген ченем алынган.

«Маалыматтык эсебин тартуулоо процессин жойгон аталган ченем салык төлөөчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында киргизилген»,-деп эсептешет мекемеде.

Эми мындан ары мүлк тууралуу маалымат юридикалык жактар 1-мартка чейин, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин тапшыра турган Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүлөт.

Бирдиктүү салык декларациясынын формаларына кошумча тиркемелер кошулган, аларда жарандар салык салынган объекттерин жана мүлккө жана жерге  учур дагы салыктык жылына ылайык салынуучу салыктар тууралуу маалыматтарын көрсөтүшөт.

Буга чейин юридикалык жактар, тагыраак айтканда уюмдар маалыматтык эсебин 1-мартка чейин, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин тапшырып келишкен. Атайын формаларда мүлктүн параметрлери көрсөтүлүп келген (батирлер, турак жана дача түрүндөгү үйлөр,  курулмалар, контейнерлер, транспорт каражаттары), алардын негизинде салыктын суммасы эсептелип келген.

Тэги: Салык кызматы мүлк салыгы туурал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу