Энергетика министрлиги жана «Kuantum» компаниясы меморандумга кол койду

17.02.2023, 18:10 Акчабар
Энергетика министрлиги жана «Kuantum» компаниясы меморандумга кол койду

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Kuantum” компаниясынын башкы директору Абдулла Баш меморандумга кол койду. Меморандум Нарын дарыясындагы Казарман ГЭСтеринин каскадын куруу жана пайдалануу жаатында кызматташууга багытталган. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган меморандум өлкөдө гидроэнергетикалык объекттерди курууда жана эксплуатациялоодо гидроэнергетиканы пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

“Меморандумдун алкагында тараптар 2026-жылга чейин гидроэнергетиканы өнүктүрүү долбоорлорунун тизмесине кирген Нарын дарыясындагы төрт гидроэлектр станциясын (Алабугу ГЭСи, Карабулуң ГЭСи-1, Карабулуң ГЭСи-2 жана Тогузторо ГЭСи) 1.160 МВт эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча долбоорду ишке ашырууда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөгө ниеттенүүдө”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу