Энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

18.02.2022, 11:05 Акчабар
Энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушуп, энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүүгө арналган форумду уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү  долбооруна өзгөчө басым жасады.

Аалиев белгилегендей, Дүйнөлүк банк негизги багыттарда реформаларды ишке ашырууда республиканын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат жана каржы институтунун өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ал мындан ары карай да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Навид Хасан Накви министрлер кабинетинин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө жана келечекте кызматташтыкты өнүктүрүгө даярдыгын билдирди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу