Энергетиктер калкты электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоодо

31.03.2020, 14:00 Акчабар
Энергетиктер калкты электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоодо

КР өкмөтү тарабынан бекитилген ишкерликти колдоонун фискалдык чараларын көрүү боюнча планды аткаруу максатында, бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларга кардарлардын карызы үчүн электр энергиясын өчүрбөөнү, ошондой эле карыз үчүн туумдарды эсептебөөнү сунуштайт. Бул тууралуу Энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ошону менен катар белгилей кетчү нерсе, өлкөнүн кээ бир облустарында жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал режимине карабастан, энергетиктер, өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып, өздөрүнүн күнүмдүк иштерин аткарууну улантып жатат.

Өзгөчө абалдын учурунда энергетика тутумун туруктуу иштетүү максатында калк менен иш алып баруу боюнча тынымсыз байланыш уюштурулган, анда авариялык абалдарды жоюу боюнча өтүнмөлөр кабыл алынышы мүмкүн, ошондой эле тиешелүү маселелер боюнча толук маалымат берилет. Жер-жерлерде ыкчам-чыгуучу бригадалардын күнү-түнү иштөөсү уюштурулган.

Энергетиктер республиканын керектөөчүлөрүн электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бүткүл аракеттерин жумшашат. Тиричиликти камсыз кылуунун негизи болгондуктан, коммуналдык кызматтар токтотулбайт. Ошол эле учурда белгилей кетчү нерсе, энергетикалык компаниялар кийинки жылуулук мезгилине азыртан баштап даярдык көрүүсү керек, ал эми каражатсыз, тилекке каршы, бул мүмкүн эмес.

Бул маселеде адамдардын аң-сезимдүүлүгүнө таянабыз, көрсөтүлүп жаткан коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөөгө түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз, анткени, мындан ошол кызматтардын иштөөсү жана бүткүл тармактын туруктуу иштөөсү көз каранды.

Азыркы учурда электр энергиясы, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн төлөөлөрдү үйдөн чыкпастан эле, аралыктан, ыңгайлуу учурда – интернет, мобилдик тиркемелер, i-bank аркылуу жүргүзсө боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Ар бир төлөм боюнча дүмүрчөктөрдү бастырып чыгарууга болот.

Тэги: Нацэнергохолдинг работа неуплата платежей

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу