ЕРӨБдүн каржылоосу менен Жалал-Абаддагы саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат

20.02.2022, 12:37 Акчабар
ЕРӨБдүн каржылоосу менен Жалал-Абаддагы саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат

Жалал-Абад шаарындагы №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жайдын абалы менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер жеринде таанышып чыкты.

"Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда Жалал-Абад шаарында экинчи фаза менен 36 чакырым суу түтүктөрү, 7 чакырым саркынды суу түтүктөрү орнотулуп, №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат. Учурда №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайында күн сайын 10 миң куб саркынды суу тазаланат. Ал эми реконструкциядан өткөн соң, күн сайын 25 миң куб саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүк жаралат. Реконструкциялоо иши быйыл башталып, 2023-жылы аягына чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматка ылайык, шаар башчысы №1 саркынды сууларды кабыл алуучу жайынын абалы менен таанышып чыгып, аталган жайга азырынча насос орнотулаарын, алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкциялоо маселеси каралаарын билдирген. 

Белгилей кетсек, №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы 1980-жылдан бери иштеп келет. Ал эми №1 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы 1965-жылдары курулган. Ушул мезгилге чейин реконструкциялоо иши жүргүзүлгөн эмес.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу