Эртең Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун өчүрүлүшү "Ала-Тоо" суу алуучу жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери менен байланыштуу.
"24-октябрда саат 9.00дөн 20.00гө чейин “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында муздак суу берүү токтотулат", - деп айтылат маалыматта.
"Бишкексууканал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.