Эртеңден тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

05.01.2024, 12:40 Акчабар
Эртеңден тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

Бишкектин Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта автокаттам үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:

Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;

Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.

Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү автокаттам үчүн бир тараптуу болгон. Жалпысынан сегиз көчөдө жүрүү кыймылын өзгөртүү пландалган. Бул автоунаа тыгындарынан арылтуу жана каттамдарды жакшыртуу максатында жасалууда.

 

Тэги: Бишкек мэриясы көчө каттамдар автотранспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу