Эсеп палатасы Жети-Өгүз районунда 181 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

13.03.2024, 15:02 Акчабар
Эсеп палатасы Жети-Өгүз районунда 181 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Эсеп палатасы 2021-2022-жылдар аралыгындагы аудиттин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бюджеттеринде жалпы суммасы 181 млн 699,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген мыйзам бузуулар бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндөн тартып максатсыз пайдалануу жана мүлктүн сакталышын камсыз кылбаганды камтыйт. Анын ичинде капиталдык салымдар боюнча бюджеттик каражаттарды пайдаланууда олуттуу мыйзам бузуулар (7 млн ​​сомдон ашык) жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга (51 млн сомдон ашык) байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана айылдык кеңештердин төрагаларына, ошондой эле текшерилген мекемелерге жана ишканаларга карата аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча отчеттор жана сунуштар жөнөтүлдү. 

 

Тэги: эсеп палатасы мыйзамсыз Жети-Өгүз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу