“Бай-Түшүм” жана “Оптима Банкы” “Мир” төлөм карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктардын басма сөз кызматы тастыктады.
“Бай-Түшүм” банкы 29-октябрдан тарта “Мир” төлөм системасынын карталарын токтотту.
Буга кошумча, “Оптима Банк” дагы 1-ноябрдан тарта аталган картаны тейлөөнү убактылуу токтоткон.
Учурда банктардын эквайринг тармагында POS-терминалдар жана банкоматтар аркылуу операциялары иштебейт. “Мир” төлөм системасынан акча которуу мүмкүн эмес.
Кошумчалай кетсек, 27-октябрда KICB банкы “Мир” картасынын ишин убактылуу токтоткон.