2-декабрда Москвадагы ВДНХнын 57-павильонунда Экинчи Евразиялык Конгресс өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу болгон Евразия өнүктүрүү банкынын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, быйыл анын катышуучулары ЕАЭБ потенциалын ачууда бизнестин, өнүктүрүү институттарынын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролун жогорулатуу, транспорт жана логистика, суу-энергетика комплекси, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы мамлекеттер аралык негизги инфраструктуралык долбоорлорду талкуулашат.
Конгресске Кыргызстандын атынан республиканын айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков катышат.