Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин жыйыны болуп өттү

26.02.2020, 15:20 Акчабар
Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин жыйыны болуп өттү

2020-жылдын 21-февралында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө интеграциялык өз ара иштешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди. 

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды, анын ичинде:

- ЕЭК Кеңешинин буйругу, анда навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды транзиттик ташууларды көзөмөлдөө системасынын негизинде Евразия экономикалык бирлигинде товарлардын бажылык транзитинин бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген;

- ЕЭК Кеңешинин чечими, анда Евразия экономикалык форум жөнүндө Жобо бекитилген;

- жыйындардын жүрүшүндө кабыл алынган комиссия Кеңешинин актыларына кол коюу механизмин өркүндөтүү жөнүндө ЕЭК Кеңешинин буйругу;

- ЕЭК Кеңешинин чечими, ал ЕЭК Бажы бирлигинин 2011-жылдын 28-январындагы № 526 Чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин алкагында милдеттүү талаптар белгиленген продукциялардын Бирдиктүү тизмеси никотин камтыган продукция менен толукталат;

- ЕЭК Кеңешинин чечими, анда Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү, 2019-жылдын 6-июнунан ал күчүнө кирген датадан тартып Евразия экономикалык бирлиги үчүн милдеттүү эл аралык жүк ташуулардын товарлары жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну таануу сунушталат ж.б.

 

Тэги: Евразия экономикалык бирлик жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу