Евробиримдик Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 665 млн сом берди

09.10.2023, 15:20 Акчабар
Евробиримдик Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 665 млн сом берди

Евробиримдик кыргыз өкмөтүнө гранттык негизде билим берүү тармагына 7 млн евро (665 млн сом) берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 7 млн евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 млн евронун биринчиси болуп саналат.

“Бул программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, гендердик теңчиликти жана көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтөт. Финансы министрлиги бул транштан түшкөн каражатты мындан ары билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерде интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Евробиримдик грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу