Европа Биримдиги Кыргызстанга үч млн евро берди. Акча эмнеге жумшалат?

11.01.2024, 10:00 Акчабар
Европа Биримдиги Кыргызстанга үч млн евро берди. Акча эмнеге жумшалат?

8-январда Европа Биримдиги Кыргызстандагы санариптик өзгөртүүлөрдү колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Аталган гранттык каражаттар Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү үчүн, өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак системасын илгерилетүүгө, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатууга жумшалат. 

“Бул каражат бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында. 

Ошондой эле, бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот. 

Белгилеп кетсек, өлкөнүн ичинде жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Министрлер кабинети менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири. 

 

Тэги: Европа биримдиги акча каражаты аймактарды санариптештирүү санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу