«Лекарь» компаниясы ЕРӨБ жана KICB тарабынан 300 миң доллар алды

03.05.2023, 10:46 Акчабар
«Лекарь» компаниясы ЕРӨБ жана KICB тарабынан 300 миң доллар алды

“Лекарь” фармацевтикалык компаниясы менен KICB 25,5 миллион сомго (300 миң доллардан ашык) кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Акчабарга” ЕРӨБдөн билдиришти.

Кошумча инвестициялар дары-дармектерди дүңүнөн сатуу процессин уюштуруу үчүн аянты 1000 чарчы метрден ашык жаңы фармацевтикалык кампаны курууга багытталат. Бул “Лекарь” компаниясына кампа аянтын кеңейтүүгө жана ошого жараша сатуу көлөмүн жана фармацевтикалык продукциянын ассортиментин көбөйтүүгө жардам берет.

“Бул долбоор боюнча тобокелдиктин жарымы эки банктын ортосунда түзүлгөн тобокелдиктерди бөлүштүрүү келишиминин алкагында ЕРӨБ тарабынан жабылат. ЕРӨБ ошондой эле “Лекарь” компаниясына техникалык жардам көрсөтүп, компанияны өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жана эл аралык эксперттерди тартат. Атап айтканда, консультациялар бухгалтердик эсепти жана башкаруу отчеттуулугун жакшыртууга жана “Лекар” дарыкана тармагынын негизги бизнес-процесстерин автоматташтырууга багытталат”, деп белгиледи ЕРӨБ.

Маалым болгондой, бул ЕРӨБдүн биринчи кызматташуусу эмес, буга чейин “Лекарь” компаниясы өлкө боюнча беш дарыканага жалпы кубаттуулугу 23 киловатт-саат болгон күн станцияларын орноткон.

Бүгүнкү күндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасына 208 долбоорго 876 миллион евродон ашык инвестиция салганын кошумчалайбыз. Ошол эле учурда инвестициянын басымдуу бөлүгү жеке секторду колдоого багытталган.

 

Тэги: новости Кыргызстана ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу