Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жанданат жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинде министрдин орун басары Талантбек Солтобаев менен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар менен болгон жолугушууда маалым болду.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев дагы катышкан.
Транспорт министрлиги тарабынан авиакомпаниянын Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды ачуу демилгеси колдоого ээ боло тургандыгы белгиленди.
2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча каттамды калыбына келтирилет жана 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачуу пландалууда.