2019-жылдын январь-сентябрь айларында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Баткен облусундагы оорукананы 860 миң $ каржылады. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Дары-дармек алууга пландалган 14 млн сом сумманын ичинен, 3.6 млн сомго (24.5%) алынган. Эмгек акы 100% төлөнүп берилген. Калган багыттардын чыгымдары тамак-аш, коммуналдык кызмат, транспорттук кызмат ж.б. убагы менен төлөнүп жатканы маалымдалат.
Маалымат үчүн:
Республиканын дарылоо уюмдары, фонд тарабынан бөлүнгөн бюджетти өз алдынча аткарууда.
Андан сырткары, дары-дармек жана кызматтар үчүн тендер жарыяланып турат.
Фонддун территориялык башкармалыгы калкка түшүндүрүү иштерин дарылоо уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте жүргүзүп келет.