Карызы жок кыргыз жок же насыяны максатсыз жумшоо эмнеге алып келет

30.04.2019, 12:17 Акчабар
Карызы жок кыргыз жок же насыяны максатсыз жумшоо эмнеге алып келет

«Карызы жок кыргыз жок»-аталышындагы кинотасма 29-апрелде Бишкекте көрөрмандарга сунушталды. Бул тасма  Дүйнөлүк акча жумалыгы-2019 иш-чарасынын алкагында тартылган. Анын башкы максаты -элди финансалык сабаттуулукка чыкыруу. Тасманын таасири тууралуу «Акчабар» финансы порталы талдоо жасап кайтты. 

Окуя  карызга баткан кыргыз үй-бүлөсүнүн айланасында жүрөт. Анда чоң атасын көмүүгө  кетирген чыгымдар жана ага чейин алынган максатсыз насыялар үй-бүлөнү турак жайсыз калтырат. 

Албетте, учурда Кыргызстанда кредит алгандардын саны азайган жок. Улуттук банкынын маалыматына таянсак 2018-жылдын 31-декабрына карата  жалпы кредиттик портфель 127,9 млрд сом болуп, жыл башынан бери 18,1 % көбөйгөн. 

Демек, өлкөдө кредит алгандардын саны азайган эмес, бирок, алынган ар бир кредит максаттуу жумшалып жатабы?  

Алынган карыздардын кесепетинен  үй-бөлөлөр турак жайсыз гана калбастан, ажырашып, айласын таппаган ата-энелер иш издеп сыртка миграцияга чыгып, эрезеге жетелек балдар ар кандай зомбулуктарга кабылып жатканы коомубузда жашыруун эмес. 

Дал ушундай оор кырдаалга туш келген өспүрүм бала билим, акчаны башкаруу аркылуу бул карыздын сазынан чыгуунун жолун көрүп, өзүнүн үй-бүлөсүн гана эмес, айылды дагы өзгөртүүгө  аракеттерди жасаганы баяндалган. 

Бирок, тасманы тарткандар кино тартуудагы динамиканы сактабай, тасма тажатма маектерге, эч кандай азгырууга албаганы өкүнүчтүү. Сюжеттик линия дагы ишенимсиз, ар кандай "винегрет" болуп даярдалган. Эң  негизгиси каармандын образы, айткан терминдери дал ошол айыл жана анын үй-бүлөлүк, социалдык статусуна эске алынбай берилгендиктен, ишеним жаратпайт. Финансалык терминдер кыргыз тилине  одоно, орой которулуп берилген. Карапайым элдин финансалык сабаттуулугун жоюуга арналгандыктан,  аларга ылайык сөздөр менен жеткирүү  болбой эле, донорлордун кубаттоосуна жагынуу үчүн терминдер колдонгон сыяктуу. Ачык реклама аркылуу ага катышкан уюмдарды жарнамалоо дагы терс таасир этерин эскерте кетели. 

Анда "финансы жаздыгы" -деген өөн терминалогия аркылуу элди акчка топтоо,  сактоо жана максаттуу пайдаланууга тартууга мүмкүн эмес. Ошондой эле,  бул тасманы айрым кемчиликтерин эске алуу менен суптитрдеги каталарды дагы оңдоп, кеңири массага сунуштаса болот.

Тасманы  узак хронометражда тартканча кыска сапаттуу роликтерди тартып, калкка сунуштаса алда канча эффективдүү болмок. Анткени, маалымат-технологиялар күч алган доордо, мындай узак тасманы  youtube  каналынан  эч ким деле кызыгып көрбөйт. Ал эми телеканалдар көрсөтсө, аны экран алдында кадалып айылдык адамдар көрөрүнө күмөнүм бар. 

Аталган иш-чарага Кыргызстанда финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Улуттук банктан, эл аралык уюмдардын  өкүлдөрү катышты. Тасман көргөн тараптар жогорудагы кемчиликтерди эске алат деп ишенели. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу