Финансы министрлиги күн сайын COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдар тууралуу маалымат берет.
«Биз жарандарыбыз коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жана Өкмөттүн социалдык милдеттенмелерине кеткен чыгымдар тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алышын каалайбыз», - деп билдирди КР финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.