Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды

23.02.2022, 09:47 Акчабар
Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды

Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын вице-мэри У.А., карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө, Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкеринин тиешеси бар экени аныкталды.

"Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, “Г.П.С.” ЖЧК Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин, Т.Г.Т., аттуу жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Финансы министрлигинин кызматкери курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

Буга байланыштуу Т.Г.Т., жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5% өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 млн 500 миң сом пара катары өткөрүп берген.

21-февралда бул иш боюнча жогоруда аталган эки кызматкер кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тэги: УКМК. коррупция фактысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу