Enactus Kyrgyzstan менен «FINCA Банк» бирге өнөктөш болушат. Бул тууралуу «FINCAБанктын» басма сөз кызматы кабарлады.
Алгачкы келишимге ылайык, «FINCA Банк» «Enactus Kyrgyzstan-2020» улуттук мелдешинин башкы шериктеши болуп дайындалды.
Экинчи келишимге ылайык, «FINCA Банк» Кыргыз Улуттук Университети менен «Ала-Тоо» университеттеринин Enactus командаларына 1 млн сом өлчөмүндө грант бөлүп берет.
Аталган каражаттарды командалар «FINCA Банктын» стратегиялык көз караштарына туура келген социалдык-экономикалык долбоорлорду реализациялоого жумшайт.