«Финиконун» мамлекетке 1,4 млн доллар зыян келтирген уюштуруучусу кармалды

03.11.2023, 10:55 Акчабар
«Финиконун» мамлекетке 1,4 млн доллар зыян келтирген уюштуруучусу кармалды

ИИМдин Интерпол кызматкерлери “Финико” каржы пирамидасынын уюштуруучуларынын бирин Түркиядан кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын кылмыштуу аракеттеринен Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жабыркап, 1 млн 400 миң доллардан ашык зыян келтирилген.

“Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Интерполу Түркиянын Ички иштер министрлигинин Интерполу менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн 43 жаштагы С.А.ны кармашкан.  Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, кылмыштуу чөйрөнү түзүү жана ага катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, “Финико” каржы пирамидасынын уюштуруучулары буга чейин да Орусиядан жана Грузиядан кармалган. Учурда аларды Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүүдө. 

 

Тэги: алдамчылык шылуундук каржы пирамидасы финико

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу