"Элет-Капитал" МФК ЖАКы облигациялардын 1-чыгарылышынын жана жайгаштырылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон өткөрдү.
Мындай чечимди Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл алды.
Белгилеп кетсек, компания бир нускасы 1 миң сомдон 90 миң корпоративдик облигация чыгарган. Ошентип, ал биржадан 90 миллион сом алууну пландаган. "Элет-Капитал" өзүнүн баалуу кагаздарынын ээлерине жылдык 18% сунуштады.