БУУнун Өнүктүрүү программасынын Борбор Азиядагы сооданы жөнөкөйлөтүү долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Финляндиянын туроператорлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда KYRGYZSTAN - FINLAND 2021 туристтик иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
Саамалыкка Финляндиянын элчиси Соили Мякеляйнен-Буханист жана БУӨПтүн КРдагы туруктуу өкүлүнүн программалык кеңешчиси Эркинбек Касыбеков катышты.
Финляндиялык туроператорлордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын туризм потенциалы көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргызстан менен Финляндиянын туроператорлорунун ортосунда B2B жолугушуулары болуп өттү.
Кыргызстан Европа үчүн экотуризмдин көз карашы менен кызыктуу, бирок кээ бир өлкөлөр, анын ичинде Финляндия менен өз ара байланыш жетишсиз болгондуктан, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кыйынга турат. Демек, Финляндия тараптын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши туризм тармагын өнүктүрүүдө оң роль ойнойт жана эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктарына жооп берет”, - деп айтылат билдирүүдө.