Flydubai Өзбекстанга рейс ачты

12.03.2019, 17:03 Акчабар
Flydubai Өзбекстанга рейс ачты

Алгачкы рейс 11-мартта Дубай аэропортунан учту деп жазды «Правда Востока» басылмасы.

Алгачкы бортто  Ташкенке  Араб Эмирлигинен  Экономика министри  Султан бин Саид Аль-Мансури баш болгон расмий делегация өкмөттөр аралык экономика, соода жана техникалык кызматашуу  боюнча үчүнчү жыйынына  учуп келишкен. 

Салтанаттуу жолугушуу  маалында Араб Эмиратынын экономика министри бул алгачкы каттам эки мамлекеттин экономикалык, соода  байланышын күчөтүп, экономикалык өнөктоштөрдүн санын өстүрөт деп белгиледи. Эми Араб Эмираттары менен Борбордук Азиянын ишкерлери жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки тарапка пайдалуу долбоордорду ишке ашырат деп ишенебиз.  

Flydubai Араб эмираты менен  Ташкентти байланыштырган алгачкы авиакатам болду. Эскерте кетели, буга чейин  «Узбекистон хаво йуллари» ушул рейсте аптасына үч жолу учуп келген. Эми чет элдик компания беш рейс жасайт. ал эми 31-майдан тарта күн сайын каттамдар уюштурула. 

Бул атаандаштык өзбекавиа компаниясына  кандай таасир этерин айтуу кыйын. Азырынча, жүргүнчүлөрдүн  айтымында бул каттамдарга баалар төмөндөй түшкөн. 

Жаңы рейс  код-шеринг  системасы менен  Emirates Airlines аркылуу ишке ашырылат. Жүргүнчүлөргө бекер тамак берилип, жүк ташуу дагы  каралган. 

Чет элдик компания Борбордук Азияда аптасына  33 рейс жасайт.  Ашхабад, Бишкек, Дүшөнбү, Алма-Ата, Астана, Чымкент  жана Ташкент.

Тэги: Flydubai Узбекистан авиаперевозки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу