Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 6.7 млн сомго 5 миң милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин ишке ашырды. Бул тууралуу фонд маалымдайт.
Полистин көпчүлүк бөлүгүн - КР өз алдынча эмгектенген 3.8 миң жараны алышкан, аскер тармагында эмгектенгендер - 20, чет элдик жарандар - 981, ООН тарабынан качкын макамын алган - 268 жаран алышкан.
Фонд билдиргендей, полиси барлар акысыз медициналык кызматтарды колдоно алышат.
Полис КР бардык аймагында ишке ашырылган.