Forbes рассиялыктар инвестиция жасаган 10-өзгөчө тармакты жарыялады

26.04.2019, 18:00 Акчабар
Forbes рассиялыктар инвестиция жасаган 10-өзгөчө тармакты жарыялады

Forbes бай россиялыктар жасаган инвестициялар менен сатып алуулардын тизмесин жарыялады. Бизнесмендер вино чыгаруучу цехтерди, устрица фермалары менен аралдар жана Фаберженин коллекциялык жумурткаларын сатып алышкан.

 Шотландиядагы хансарай.  XVII кылымдагы хансарайды Aberuchill Castle компаниясы $12 млн каражатка  Владимир Лисинге саткан. Ал россиялыктардын Forbes экинчи тизмесинде турат.

Миллиардерди эски хан сарай байлыгы менен керемет жасалгасы үчүн эмес, мергенчилик кылууга ыңгайлуу  1 миң 300 га жери   менен кызыктырган. 

Виночыгаруу.  Volga Group  ээсинин бири Геннадий Тимченко жеке виночыгаруучу  «Усадьба Дивноморской» чарбасы бар. Эксперттердин эсеби боюнча, анын баасы  120-170 млн рубль турат. 

Гиганттык трюфель.  2013-жылы Владимир Потанин (Forbes тизмеси боюнча россиялыктардын арасында алтынчы катарда турат)  $95 миң каражатты ошол убактагы  дүйнөдө эң чоң ак трюфельсалмагы  1.8 кг үчүн төлөгөн.

Франкендин үйү (Frankenmansion). Мындай аталыштагы  үй адабияттагы каарман  Франкенштейндин урматына коюлган. Адамдын денесинен куралган үйдү Роман Абрамович сатып алып, Нью-Йорктогу төрт тарыхый имараттарды сатып алып, алар үчүн 2017-жылы  $100 млн короткон.

 Фаберженин ювилердик буюмдары үчүн. Коллекция 200 предметтен турат. Анын баасы $100-120 млн.  Бул буюмдарды «Реновонун ээси» Виктор Вексельберг сатып алган.

Ал коллекцияларды катпастан,  миллиардердин  Петербургдагы  Фаберже  музейинде ачык койгон. 

Аралдар. Дмитрий Рыболовлев 2013-жылы кызына хандыкындай белек кылган. Ал Грециянын батыш тарабы  Индонезиядагы эки аралды   (жалпы баасы  $100 млн)белек кылган.

Устрица-мидиевалык ферма. Акваферманы  Шереметьев аэропортунун ээсинин бири   Александр Пономаренко сатып алган.

Музда жүрүүчү Яхта SeaExplorer-77.  «Тинькофф Банктын»  ээсинин бири Олег Тиньков  €100 млн каражатты музга ылайыктуу  SeaExplorer-77 яхта курууга жумшаган. Бул муздагы судна дүйнөдөгү биринчи өз алдынча узак сүзө алган кеме. Ошондуктан,  миллиардер алгачкы музжаргыч деп мактанып айтат. 

Мындай кеме Тиньковго экзотикалык жерлер менен кыйын жетүүчү  аймактарда  экспедиция жасоо үчун керек. 

Жүзүм шактары. Арак чыгарган S.P.I. Group  ээси Юрий Шефлер 2015-жылы Испаниянын түндүк-батышындагы Наварридеги  Señorío de Arínzano  виночыгаруучу  ишкананы сатып алган. Ал  €15 млн  каражатын сатып алууга жумшаган. Жузүм аянтынын жалпы аянты  — 350 га түзөт.

«Күңөөлүүлөр шаары 2: Аял үчүн өлтүрүүгө баруу».  Finstar холдингинин ээси  Олег Бойко миллион долларын «Город грехов 2: Женщина, ради которой стоит убивать», фильмин тартууда негизги ири инвестор болуп берген. 

Андагы башкы ролдорду  Брюс Уиллис, Микки Рурк, Джессика Альба менен Ева Грин ойношкон. Бирок, фильмге тартылган жылдыздар менен миллардердин каражаты тасмага ийгилик алып келген жок. Фильм 2014-жылы прокатка чыгып,  аны көрсөтүүдөн түшкөн каражат  $65 млн чогулуп, болгону $39.4 млн киреше тапкан.

Тэги: Forbes миллиардеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу