Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын соода-экономикалык палатасы тарабынан Бельгия менен Кыргыз бизнесмендерине жекеме-жеке жолугушуу уюштурулуп, кызматташууга алакалар түзүлүүдө.
Бул экинчи жолу уюштурулган бизнес миссия. Буга чейин 2015-жылы дагы Кыргыз-Бельгия бизнесмендери жолугушуп, экономикалык кызматташтык башталган. Учурда эки мамлекеттин товар айлантуусу көп эмес. 2018-жылы Бельгиядан жалпы суммасы €18 млн импорт товар келсе, Кыргызстан € 5 млн каражатка гана товарын сыртка экспорттогон. Учурда Бишкекке Бельгиянын 11 ири компаниясы келип, энергоэффективдүү технологиялар, авиакосмикалык тармак, косметология, айыл чарба азыктарын иштетүу жана саркынды сууларды иштетүү технологиялары менен келген.