Future of Jobs 2023: Дүйнөлүк атаандаштыкта керек болгон көндүмдөр эмнелер?

02.05.2023, 13:32 Акчабар
Future of Jobs 2023: Дүйнөлүк атаандаштыкта керек болгон көндүмдөр эмнелер?

Дүйнөлүк экономикалык форум “Future of Jobs 2023” аталышында баяндамасын жарыялады. Анда быйыл дүйнөлүк ири компанияларда эң керектүү көндүмдөр жазылган.

Маалыматка ылайык, изилдөөдө когнитивдик көндүмдөр, тагыраагы аналитикалык көндүм сап башында турса, андан кийин креативдүү ой жүгүртүү турат. Компаниялардын орточо 9%ы аналитикалык ой жүгүртүүнү маанилүү деп эсептейт.

Ал эми үчүнчү орунда натыйжалуу иштөө көндүмдөрү: туруктуулук, ийкемдүүлүк жана кырдаалдан чыга билүү (көйгөйдү чече билүү), төртүнчү орунда, иштөөгө болгон мотивация  жана аңдап билүү,  андан кийин бешинчи орунда кызыгуу, ынтызарлык жана өмүр бою билим алуу сыяктуу жөндөмдөр маанилүү деп табылган. 

Глобалдык көндүмдөрдүн алтынчы сабында технологиялык сабаттуулук турат. Андан соң ишенимге ээ болуу жана деталдарга көңүл буруу маанилүү экендиги баядалган.

Ошондой эле, сегизинчи сапта башкаларды түшүнүү, же эмпатия куруу жана активдүү уга билүү турат.

Тогузунчуда лидерлик сапат жана коомго таасир бере алуу, онунчуда сапатты текшере билүү маанилүү деп табылган. 

Жалпысынан алганда төмөнкү сапаттар;

  • Акыл эмгегин талап кылган көндүмдөр (когнитивдик);
  • Натыйжалуу иштөө көндүмдөрү;
  • Башкаруу жөндөмдөрү;
  • Технологиялык жөндөмдөр;
  • Башка адамдар менен иштей билүү негизги көндүмдөр болуп саналат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу