Элүү жылда эл жаңырып, мамлекеттер жок болуп кетеби?

27.06.2019, 15:30 Акчабар
Элүү жылда эл жаңырып, мамлекеттер жок болуп кетеби?

Швед экономисти, жазуучу, бизнес-тренер Кьелл Нордстрем келечек кандай өзгөрөрүү тууралуу божомолун билдирүүдө. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы»-деп кыргыздар айткандай дүйнө таанылгыс болуп өзгөрүп, мамлекеттер жок болот деп  болжодо. Анда  эмесе, анын кызыктуу ойлору менен англис тилиндеги маегин сиздерге сунуштайбыз.  

- Мамлекеттер жок болуп кетет. Болгону элүү жылдан кийин 218 өлкөнүн ордунда дүйнөдө 600 ири шаарлар гана болот. 25 жыл ичинде  Австрия жок болуп, азыр деле ал Вена шаары менен гана белгилүү болууда. Бул маалыматта, технологиялар менен транспорттордо  дагы чек аралар жоюлат. 

- Адамзат эң  ири урбанизациянын алдына турат. Негизги сөз, «башталышы» деген түшүнүк. Бизге баары башталгандай сезилип жатат. А чындыгында, өзгөрүүлөр алдыда.  Apple Pay  Россияга бир ай  мурун келсе дагы,  сатуучулар  телефон аркылуу соода кылып жатканыңа таң калбайт. Пластик карталары керектен чыгууда. Биз аны сезбей дагы калдык.  

- Баардык нерсе санариптештирилет. Медицина, коопсуздук,билим берүү, армия — дегеле баардык тармак. 

-  FAANG системасы тууралуу окуугула. Бул негизги реалдуулук: Facebook, Apple, Amazon, Netflix, Google.

- Күчтүү матрица, акча табуунун механизимин өзгөртүүдө. Монополия бар —  акча бар, монополия жок — акча жок. Биз азыр  Икеяны көрбөй жатабыз, бирок ошол жакка барабыз. Эмнеге?  Инновация принциптери тууралуу ойлонгула. Ал келечекте монополия болот. Мисалы  Lady Gaga — көңүл ачуудагы монополия болууда. Эгерде аны кечеге чакырсаңыз, ал ооруп келбей калса аны эч ким менен алмаштырбайсыз. Дал ушундай продукция алмашкыз болушу керек. Качандыр бир убакта Volvo  242 моделин чыгарып: дүйнөдө эң кунарсыз унааны рынокко сунуштап, бирок Volvo убактылуу монополияны ээлеп — абсолюттук коопсуздукту камсыздап, аны эч нерсе менен алмаштырууга болбос эле. Андан кийин коопсуздук монополиясын  Toyota, кийин Mercedes алган соң,  Volvo өз позициясын жоготкон. Убактылуу монополияга ээ болуу үчүн өзгөчө болуу зарыл.  

Элүү жылда эл жаңы!

1. Маалымат ушунчалык тез өсүүдө. Биз ар бир күнү  акылсыз болуп ойгонудабыз. Беш жылдан кийин ишке англис тилин билген Васяны жумушка алыш керекпи же тил билбеген Лешаныбы деген тандоо болбойт. Анда Вася advanced (өздөштүрүлгөн) же  very advanced (эң мыкты өзгөштүргөн) адамдардын ортосунда тандоо жүрөт. Ал эми  тил билбеген калгандарга орун жок. 

2. Дүйнө көп түрдүү  болууда. Биз учурдагы системаларды байланыштырып, жаңы система ойлоп чыгаруудабыз. Эгерде сиз телефон ойлоп чыгарсаңыз аны пландаштыруунун кажети жок. Баардык нерсени тез, жасап көрүү, каталардан үйрөнүү  менен алдыга жылуу болот.

3. Жогорку билимдүү  болуунун кажети жок. Матрица билим алуу монополиясын дагы жокко чыгарат.Сизге Гарвард окуп,  Гарварддын диполмун алунун зарылдыг жок. Эгерде 5 жыл мурун диплом сизге жашыл жол ачса, азыр ЖОЖ жок болот.

Жумушка алуунун матрицасы адамгерчиликке, ыңгайлуулукка басым жасалат. Сизге жаккан адамды каалагандай үйрөтүп алып, командага кошуп алсаңыз болот. Баардык адамдар профессионал боло алат, бирок баардык адамдар эле жагымдуу болбойт. 

4. Биз жашоону транзакциялардын сериясы катары карашыбыз керекпиз. Биз дайыма келишим түзөбүз. Ал эми робаттар адамдардай сүйлөшүүлөрдү  жасай албайт. 

Адамзат бул —  эволюцияны токтотууга аракет жасашы эң туура эмес чечими. Андыктан, азыртадан ойлонуп, өнүгүп, заманга жараша өзгөрүү зарыл. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу