«Газпром Кыргызстан» Бишкектин жаңы конуштарын газга туташтурууда

25.06.2019, 10:56 Өнөктөштүк макаласы
«Газпром Кыргызстан»  Бишкектин жаңы конуштарын газга туташтурууда

Өлкөнү газ менен камсыздоо жана газ түйүнүнө туташтыруу  башкы схемасына ылайык учурда Бишкектин айланасындагы алты конуштарга газ киргизилүүдө. «Газпром Кыргызстан» ЖЧК компаниясы «Аска-Таш», «Алтын-Бешик», «Учкун», «Маданият», «Достук»  менен «Чалбай» конуштарында курулуш-монтаж иштерин башташты. Газ түтүгүнүн жалпы узундугу  33.4 чакырымды түзөт.

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧК компаниясынын директорунун орун басары Мурат Сулаймановдун айтымында жогорудагы аймактарды газдаштыруу 2019-жылы май айында башталды. 

 

«Бул конуштарга башында  17.2  чакырым гана газ түтүгү салынмак. Бирок, жергиликтүү  бийлик, акимиаттардын суранычы менен алты конуштагы газ түтүгү эки эсе  көп курулат. Компания  калкты максималдуу газ менен камсыз кылууга кызыкдар. Учурда  (33.4 чакырым) газ түтүгү курулмакчы», – деп белгиледи ал. 

Газ менен  камсыздоо программасынын алкагында дайыма эл менен жолугушуу уюштурулуп, ага келечектеги абоненттер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү  катышып, маселер талкууга алынат.

Актуалдуу маселер:

- калктуу аймакты газга туташтыруу;

- газга туташуунун баасы;

- газ түтүктөрүн кайтаруу аймагы;

- жылуулук системасы үчүн газды колдонуу.

Талкуунун жүрүшүндө  катышуучулар газ киргизилүүчү аймактар боюнча деталдуу таанышуу жасашты. 

Курулушту баштаган компаниялар өз мөөнөтүндө аяктарын билдиришти

«Учурда «Учкун» конушунда газга туташуу жүрүүдө. Анда– 13.9  чакырым газ түтүгү, анын ичинде жер алдында– 7.4 чакырым жана  – 6.5 чакырымы жер үстү менен өтө. Сентябрдын аягында газга туташтыруу жыйынтыкталат», –деп билдирди  «Империал» ЖЧК  команиясынын  башкы инженери  Жеңиш Алаев.

Тургундар газга туташууга байланыштуу суроолоруна жооп ала алышты. Айрыкча аларды жылуулук системасына туташуусу кызыктырды. Команиянын өнөктөшүү «Балтгаз» өкүлү жылуулук системасы үчүн котелдордун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. 

 2018-жылдын жыйынтыгында «Газпром Кыргызстан»  700 чакырым газтүтүгүн куруп,  200 миң абоненти газга кошкп,  40 миң түтүн газга туташкан.Жаратылыш газы  өлкөнүн 27  калктуу аймагына жайылган. Экологиялык таза отунга Бишкек, Чүй менен Ош областарынын тургундары ээ болушкан. 

Учурда өлкөнү газ менен камсыздоо 30% жетти.  «Газпром Кыргызстан» ЖЧК стратегиялык планы катары 2030-жылга чейин өлкөнү 30%   камсыздоону  60%  жеткирүү. 

Өлкөнү газдаштыруу 2014-жылдан тарта активдүү башталды. Анткени «Газпром» компаниясы Кыргызстандын рыногуна кирип,  «Газпром Кыргызстан» ишканасын түзгөн. 

 «Газпром Кыргызстан» ишмердигинин башталышынан бери Кыргыз Республикасында зор аракеттер жасалууда. Анда газ инфраструктурасы жаңыртылып, жаңы курулуш  объектилер менен аймактарды газификация  уланууда. 

Маалымат 

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧК  – Россиянын «Газпром» ПАК 100 пайыз туунду компаниясы. Кыргыз Республикасына жаратылыш газын  эксклюзивдүү импорттогон комания. Өлкөнүн газтранспортук жана газ бөлүштүрүү системасына ээси. 

Өлкөнү газ менен камсыздоо жана газ түйүнүнө туташтыруу  башкы схемасына ылайык 2030-жылы  масштабдуу реконструкция жана модернизациялоо иштерин баштап, жер алдында газды сактоо жана республиканын аймагында бөлүштүрүүнү жаңыртып башташат. 

 2007-жылы «Газпром»  менен Кыргызстандын өкмөтү кен байлыктарын изилдөө боюнча келишимге кол коюшкан. Бул кызматташуунун алкагында эки лицензия алынып,  «Көкарт» менен  «Чыгыш Майлуу-суу IV» газ чыгарат. 

 2013-жылы  Россия менен КР өлкөнүн аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана аны сатуу боюнча келишимдерге кол коюшкан. 

Тэги: Газпром Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу