«Газпромнефть-Аэро» Ош аэропортунун май куюучу комплексинин акцияларынын контролдук пакетин сатып алды

01.02.2022, 09:38 Акчабар
«Газпромнефть-Аэро» Ош аэропортунун май куюучу комплексинин акцияларынын контролдук пакетин сатып алды

«Газпром Нефть» компаниясынын авиациялык күйүүчү май бизнесинин оператору болгон «Газпромнефть-Аэро» Кыргызстандагы «Ош» эл аралык аэропортунун май куюучу комплексинин уставдык капиталынын 51% үлүшүн сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Жаңы ишкана республика боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу жагынан экинчи болгон «Ош» аэропортунун ички жана эл аралык каттамдарын май менен камсыздайт. Авиа күйүүчү май «Газпромнефть» ААКнын Омск мунай иштетүүчү заводунан берилет.

Ош аэропорту Кыргызстандын түштүк аймактарын өлкөнүн борбору Бишкек менен байланыштырган эң маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Аэропорт ички аба транспортунан тышкары Москва, Дели жана Стамбул сыяктуу 30дан ашык багыттарга эл аралык каттамдарды аткарат. Каттамдарды Traffic, Air Manas, Tez Jet, Jazeera Airways, Аэрофлот, S7 Group, Nordwind, Уральские авиалинии жана башкалар аткарышат.

«Газпромнефть-Аэро» компаниясынын 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын негизги багыттарынын бири – өзүнүн бөлүштүрүү тармагын 100дөн ашык май куюучу комплекстерге чейин кеңейтүү болуп саналат. Оштогу жаңы авиа күйүүчү май жайы компаниянын 66-май куюучу комплекси жана Кыргызстандагы экинчиси болуп калды. Буга чейин 2011-жылы республиканын борбордук аэропорту болгон «Манас» аэропортунан учактарга май куюп баштаганбыз. Ошто май куюучу комплексти алуу биз үчүн авиа күйүүчү май тармагын өнүктүрүүгө маанилүү инвестиция болду”,-  деп “Газпромнефть-Аэронун” башкы директору Владимир Егоров билдирди.

«Газпромнефть-Аэро» компаниясы Ош шаарындагы май куюучу комплекстин инфраструктурасын учактарды жерде тейлөө боюнча эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүнү пландоодо. Ошондой эле күйүүчү майдын сапатын, өнөр жайдагы жана экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишкананын бирдиктүү техникалык саясаты киргизилет.

Тэги: Газпромнефть-Аэро топливозаправочный комплекс аэропорт ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу