Кыргызстанда немис унаалары эң арзан баада сатылууда

09.11.2022, 15:09 Акчабар
Кыргызстанда немис унаалары эң арзан баада сатылууда

Германияда жасалган унаалар ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда арзан. Бул тууралуу Numbeo аналитикалык сайты билдирди.

Салыштыруу үчүн сайтта Volkswagen Golf жана Toyota Corolla Седандын тизме келтирилген. Алсак, Кыргызстанда Volkswagen Golf орточо эсеп менен 14,58 миң доллар турса, Toyota Corolla Седан 22,61 миң долларга бааланат.    

Ошол эле учурда жапониялык Toyota Corolla Sedan автоунаасынын Казакстандагы орточо баасы бүткүл ЕАЭБге салыштырмалуу арзан (21,76 миң доллар). Бирок, Арменияда мындай унааны орто эсеп менен 27,57 миң долларга, Беларуста 27,19 миң долларга, Орусияда 37,98 миң долларга сатып алса болот.

Өз кезегинде Орусияда Volkswagen Golf үчүн орто эсеп менен 40,96 миң доллар, Арменияда  24,97 миң, Беларуста 20,65 миң, Казакстанда 18,49 миң доллар төлөш керек болот.

Тэги: экономика автомобили из Европы автомобили из Японии ЕАЭС новости Кыргызстана новости ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу