Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити менен Германия Федеративдүү Республикасында жүрүп, эки тараптуу келишимдерге кол койду.
Анын ичинде КР Финансы министрлиги үч келишимге кол коюп, анда €21 млн республикадагы медициналык борборлордун курулушуна берилет.
«Келишимге коюлган макулдашууга ылайык €13 млн каражатка Ош шаарында перинаталдык оорукана, €6 млн – перинаталдык мейманкана Таласта курулат.Кошумча €2 млн Бишкектеги курулуп жаткан перинаталдык оорукананы бүтүрүүгө жумшалат» деп билдирди Минифиндин башчысы Бактыгүл Жээнбаева.
Германиядан берилген каражаттар грант экенин ал белгилеп кетти.