Германиялык компания Кыргызстанга айыл чарба техникаларын арзан берүүгө даяр

07.03.2023, 11:02 Акчабар
Германиялык компания Кыргызстанга айыл чарба техникаларын арзан берүүгө даяр

Германиялык айыл чарба техникасын өндүрүүчү “Claas” ишканасы Кыргызстанга талаа жумуштарына колдонулган техникаларды арзан сатууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев компаниянын аймактык директору Нильс Ройч менен Харзевинкель шаарында өткөн жолугушууда талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалар Кыргызстанга жөнөтүлүүдөн мурун капиталдык оңдоодон өткөрүлөт жана кепилдик берилет. Колдонулган жабдуулардын баасы жаңысынан 50%га чейин арзан болот. Бул жабдыктарды Кыргызстандын айыл чарба ишканалары лизингге ала алышат. 

“Дыйкандар жогорку сапаттагы техниканы арзан баада алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Учурда “Claas” расмий импортер аркылуу Кыргызстанга жаңы жабдууларды алып келүүдө”, - деп кошумчалады элчилик.

Арзан баадагы жабдууларды өлкөгө импорттоо жолун эми Кыргызстандын жооптуу бөлүмдөрү жана германиялык компаниянын өкүлдөрү иштеп чыгат. 

Белгилей кетсек, айыл чарба техникасын өндүрүүчү “Claas” компаниясы 1913-жылы негизделген. Ал трактор, чөп чапкыч, үрөн сепкич, чөптү пресстөөчү техникаларды жана чиркегичтерди өндүрөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу