УКМК Матраимовдун мамлекеттин балансына өткөн кыймылсыз мүлкүнүн баасын жарыялады

24.12.2020, 11:50 Акчабар
УКМК Матраимовдун мамлекеттин балансына өткөн кыймылсыз мүлкүнүн баасын жарыялады

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке эки миллиард сом төлөп, анын 600 миллиону мүлк түрүндө которулганын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Матраимов Бишкек шаарында жайгашкан 6,9 миң чарчы метр жер аянты бар соода борборду өткөрүп берген. Имарат ага толугу менен анын наамында болгон. Жер тилкенин орточо баасы 6 миллион сомду же 73 миң долларды түзсө, имарат 538 миллион сомго же 6,5 миллион долларга бааланган.

Мындан тышкары, жалпы аянты 1000 чарчы метрден ашкан тогуз батир 682 миң долларга, же 56,3 миллион сомго бааланган.

 

 

Тэги: коррупция ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу