УКМК №61 мектептин директорунун 150 миллион сомдук мүлкү мыйзамсыз деп эсептейт

10.08.2022, 09:08 Акчабар
УКМК №61 мектептин директорунун 150 миллион сомдук мүлкү мыйзамсыз деп эсептейт

УКМК Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика лицейинин директору Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

"Низовский уюштурган туруктуу коррупциялык схема аныкталды, бул ага ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк берген. Тактап айтканда, Низовский балдарды мектептин 1-классына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алууда көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алганы боюнча фактылар аныкталды", — деп белгилейт УКМКдан.

Белгиленгендей, мүлкүн жашыруу үчүн Низовский өзүнүн жакындарынын жана ишенимдүү адамдарынын атына мыйзамсыз болушу мүмкүн болгон мүлктөрдү каттаткан.
Анын жана анын жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк: жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени аныкталган Мүлктүн болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын.

Ошондой эле жеке кабинетте, иш жүзүндө жашаган жериндеги батирде жана өлкөдө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, ошондой эле жогоруда аталган мүлккө укук белгилөөчү документтер табылган.

Маалымат үчүн: Низовский 1991-жылдан азыркыга чейин билим берүү системасында (директор) иштеген.
Учурда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: Юрий Низовский ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу